Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 16.04.2018 20:17

Тоң районунда жылдын мыкты тарбиячысы аныкталды (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылында №2 балдар бакчасында тарбиячылар арасында «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2018» аттуу сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тарбиячылардын чыгармачылыгын жана ишмердүүлүгүн баалоо максатында уюштурулган иш-чарада ар бир тарбиячы өзүн тааныштырып, көрсөтмө куралын, чыгармачылыгын, хоббисин көрсөтүшүп, интерактивдүү усулдарды пайдалануу менен ачык сабак өтүштү.

Финалдык турда чыгармачылык менен жасалган көрсөтмө куралдардын көргөзмөсү болду. Ошондой эле, тарбиячылардын портфолиолору коюлду. Жыйынтыгында «Жылдын мыкты тарбиячысы -2018» номинациясын Калчаева Айзада Кубатбековна алды, 2-орунду Жумадылова Чүрөк Кубанычбековна жана 3-орунду Бектурганова Күлкайыр Асанбаева алып, ардак грамота, диплом, баалуу сыйлыктарга ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×