Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Чүй

Чүйдүн аймагында өткөн рейдде жарандар тарабынан 2 ок атуучу курал милиция кызматкерлерине тапшырылды

Turmush -  Чүй облусунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо максатында «Арсенал» аталышындагы профилактикалык рейд жүргүзүлдү.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган иш-чарага Чүй ОИИББдин коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан жана ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 114 кызматкер тартылган.

Рейддин жүрүшүндө 2200 аңчылык менен алектенген мергенчилер текшерилип, алардын ичинен 52 жаран тарабынан курал-жарак сактоонун эрежеси бузулгандыгы аныкталып, аларга административдик протоколдор толтурулган. Андан сырткары, 13 жеке күзөт агенттиктеринин ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды сактоо жайларындагы куралдарды сактоо эрежелери текшерилди. Рейд учурунда өз каалоосу менен жарандар тарабынан 2 ок атуучу курал-жарактар милиция кызматкерлерине тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 539
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×