Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусуБаткен району 16.04.2018 17:07

Баткенде чек арадагы чатактан жабыр тарткан үйлөргө тиричилик буюмдары жеткирилди

Turmush -  Баткен районунун Үч-Дөбө айылында чек арадагы кыргыз-тажик чатагында жабыр тарткан үйгө тиричилик буюмдары алынып берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Баткен районунун акими Кеңеш Салихов билдирди.

Анын айтымында 3-апрель күнү Үч-Дөбө айылында курулуштун айынан кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда таш ыргылылган чыр чыгып, аталган айылдын 3 тургунунун үйүнө зыян келтирилген болчу. Алардын буюмдары талкаланып, жараксыз абалга келген. Бүгүн Баткен районунун акимчилиги жана Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрү тарабынан аталган үйлөргө 700 миң сомго күрөк, балка, сыналгы, араба жана башка керектүү буюмдар жеткирилди.

Окуя тууралуу:

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 3-апрелде кечке маал жер талаштан улам чыккан.

Маалыматка караганда, тажик тарап Кыргызстандын жериндеги дүкөндүн жанына контейнер алып келип коюуга аракет кылган. Ал учурда кыргыз тарап чек ара тилкесин тосууга аракет кылып, ортодо чатак чыккан. Эки тарап жер талашып жатканда тажик тарап таш менен уруп, эки жактан тең ондогон адамдар топтолуп, бири-бирине таш ыргытууга чейин жетишти. Тажик тарап 2 аптадан бери контейнер коюуга аракет кылып келишкен.

Ал эми экинчи маалыматтарга караганда, жаңжал саат 17:00 чамасында чыкты. Чырдын чыгышына Кыргызстандын Үч-Дөбө айылынын тургуну чарбагын тосуу үчүн дубал курууга кылган аракети себеп болгон. Тажик тарап «бул такталбаган жер, мында курулуш курганга болбойт, эки тараптуу келишимде ушинтип сүйлөшүлгөн» деп нараазы болуп, 2 тараптан ондогон адамдар топтолгон. Ортодогу чатак эки тараптын бири-бирине таш ыргытуусуна чейин жеткен. Анын кесепетинен кыргыз тараптан 1-2 адам жаракат алып, ооруканага кайрылышкан. Тажик тараптан да жабыркагандар бар.

Учурда бул аймакта абал тынч.

Чыр чыгууга себеп болгон дубал (сүрөттөр менен видео 3-апрелде тартылган)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×