Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 16.04.2018 23:38

Жумгалда 2 га жерге сейил бак уюштурулуп, карагай, бак-дарак жана гүлдөр отургузулду (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы Кара-Жээк чөлкөмүндөгү 1 га сейил багына жана Баш-Кууганды айылындагы 1 га жерге массалык бак тигүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу район акими Адыл Сапаров билдирди.

Анын айтымында, жалпы 2 га жерге сейил багы уюштурулуп, курчоого алынган. Ошондой эле жалпы 250 индия ивасы, 200 түп роза, 1800 кайың, 1000 кара бак, 1500 даана терек менен 500 даана ийне жалбырактуу карагайлар тигилген.

Мынча көлөмдөгү бактардын көчөттөрүн Жумгалдын шаарда жашаган меценаттары жардам берип алып беришкен. Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Азисов, район акими Адыл Сапаров, шаардан келген атуулдар жана жалпы мекемелердин жетекчилери, кызматкерлер катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×