Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 16.04.2018 15:08

Дунган улутундагы окуучулар окуган Токмоктогу мектептин имараты 80 жыл мурун мечит болгон (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын №10 орто мектеби быйыл 80 жылдыгын өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Нургүл Алканова билдирди.

Аталган мектеп 1938-жылы ишке берилген. Өз учурунда анын имараты мечит болгон.

«Алгачкы мектеп болуп түзүлгөн жылдары 3 класс жана 1 мугалимдердин бөлмөсү болуптур. Кийин оӊдолуп-түзөлүп отуруп бүгүнкү күндө чоӊ мектепке айланды. Мектептин дагы бир өзгөчөлүгү, анда окуган окуучулардын 95 пайызын дунган улутунун балдары түзгөндүгүндө. Себеби, ушул мектептин тегерегинде дунгандар жашагандыктан балдары ушул мектептен окушат.

Мектеп «Кыргызстандагы дунгандардын ассоциациясы» коомдук бирикмесинин тѳрагасынын биринчи президенти Юнус Дуларовдун атын алып жүрөт. Ал киши легендарлуу парламентте да депутат болгон экен. Бирок, тилекке каршы ал кишинин балдары мектептен кабар алып, атамдын атындагы мектеп эле деп бир жолу басып келбей коюшту.

Негизи мектептен көптөгөн атактуулар окуп бүттү. Маселен, белгилүү учкуч Наби Люхуров, бокс боюнча эмгеги сиӊген машыктыруучу Ильяз Маров, тылда эмгектенгендердин ардагерлери, ооган ардагерлери жана башка көптөгөн мыкты инсандар чыккан. Быйыл 100 жашка чыккан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Арсаеф Харки да ушул мектептен аяктаган. Анын небере-чөбөрөлөрү ушул мектепте мугалим болуп эмгектенишет», - деди ал.

Акыркы жылдары мугалимдер ар кыл сынактарга катышып, байгелүү орундарга жетишип келишет. Ал эми окуучулар болсо шаардык, облустук жана республикалык олимпиадаларда жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшүүдө.

«Болгону окуучуларымды жана эмгек жамаатымды өкүндүргөнү, мектебибизде спорт зал менен, жыйындар залдын жоктугу. Антседа окуучуларым чыгармачылык жана спорттук жаатта көптөгөн ийгиликтерди багындырып келе жатат. Мектепте кол өнөрчүлүк боюнча жана бий, музыка, сүрөт, спорт ийримдери иштеп келет. Былтыр БУУнун алдындагы тамак-аш долбооруна катышып, Токмок шаары боюнча биз мектепке ысык тамак берүү долбоорун утуп алганбыз. Бул пилоттук долбоор. Мурда балдар чай ичип, булочка жесе, азыр башталгыч класстын окуучулары ысык тамак дагы ичишет. Мектепте акырындык менен көп нерсе жасалып келе жатат», - деди ал.

Аталган мектепте 638 окуучу билим алса, 35 мугалим эмгектенет. Эмгек жамаатта ар улуттан куралган уйгур, дунган, казак, орус, кыргыз мугалимдери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×