
Turmush - КСДП партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов «Апрель» кайрымдуулук фондун башкаруу үчүн кызматынан кетет. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде партиянын лидери Алмазбек Атамбаев менен депутаттардын жолугушуусунда белгилүү болду.
Ф.Ниязов муну менен катар эле КСДП партиясынын төрагасы А.Атамбаевдин кеңешчиси болуп калат.
«Апрель» фонду 2010-жылдын 7-апрелиндеги Апрель элдик революциясында жабыркагандарга колдоо көрсөтүү менен алектенет.