Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 16.04.2018 14:38

Чаектеги таза суу түтүктөрү оңдолууда (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы эски суу түтүктөрү казылып алынып жатат. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, суу түтүктөрү чирип майдаланып калгандыктан, аларды жер алдынан алып чыгууда бир топ кыйынчылыктар болууда.

«Айылдагы эски суу түтүктөр жарактан чыгып, тургундарды таза суу менен камсыздоо иштери солгундап жатат. Айрым жерлердеги суу түтүктөрү чирип калган. Мындай жагдайда таза сууну элге толук жеткирүү мүмкүн болбой жатат. Учурда атайын долбоорлорду сунуштап келебиз жана өкмөттөн райондун борбордук бөлүгүндөгү эски суу түтүктөрүн жаңыртуу иштерине колдоо сурап жатабыз. Ошондой эле, толук оңдоого Дүйнөлүк банк тарабынан каржылык жагы каралмак, тилекке каршы кечигип жатат. Мындай абалда быйыл кыштан чыкпай калуу коркунучта турабыз», - деди айыл өкмөт башчысы Темирбек Чилпаков.

2015-жылдан бери аталган айылда туруктуу айыл өкмөт башчысы шайланбай, жергиликтүү кеңештин депутаттары бир пикирге келе албай 2-3 жолу таркап, кадрлык көйгөй жаралгандыктан таза суу маселеси чечилбей келген. Болбосо 2015-жылы Дүйнөлүк банк тарабынан 80 млн сомго Чаек айылындагы бардык таза суу түтүктөрү, суу чорголору жана суунун башы оңдоодон өткөрүлмөк. Учурда жергиликтүү бюджеттен авария болгон гана жерлер оңдоодон өтүп, алмаштырылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×