Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 16.04.2018 13:10

Качкан унаадагы жүргүнчү каза болуп, кууган милициялар сабалды: Ысык-Көл ОИИБ окуянын чоо-жайын түшүндүрдү (фото, видео)

Turmush -  Түп районундагы жол кырсыкта протокол толтуруп жаткан РИИБдин эки кызматкерин сабап кетишти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы С.Усубакунов билдирди.

Анын маалыматына караганда, жабыркаган кызматкерлер учурда ооруканада.

«14-апрель күнү катуу ылдамдыкта келе жаткан «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру В 49 79 АЕ) унаа жол көзөмөлдөөчүлөрүнө токтобой кеткен. Унаадагы жүргүнчүлөр жол көзөмөлдөөчүлөрүнө колдору менен уят белгилерин көрсөтүшкөн. Мындан улам «Ниссан Альмера» үлгүсүндөгү кызматтык унаа токтобой кеткен унаанын артынан түшкөн. Болжол менен 600-700 метрден кийин ал унаа жол кырсыгына учураган. Ал эми Түп РИИБдин 1987-жылы туулган тескөөчүсү А.Н жана Түп РИИБдин 1990-жылы туулган кенже тескөөчүсү протокол толтуруп жатканда аларды 20га жакын адам сабап кетишкен. Учурда эки жол көзөмөлдөөчү ооруканада. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө», - деди С.Усубакунов.

Буга чейин Түп районундагы жол кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы жигит каза болгондугу маалымдалган.

14-апрелде Түп районундагы Балбай айылына кире бериште катуу ылдамдыкта бара жаткан «Тойота Авенсис» унаасы жолдон чыгып, бир нече жолу оодарылып кеткен. Унаанын ичинде айдоочу жана 3 жүргүнчү болгон. Жарактан чыккан унаанын ичинен жүргүнчүлөрдүн бири каза болуп, жабырлануучулар ооруканага жеткирилген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдирген маалымат боюнча, 14-апрелде Түп районунда «Жолдо жүрүүнүн эрежелерин эскертүү жана түшүндүрүү» рейди жүргүзүлгөн. Анын алкагында саат 15:30 чамасында Түп РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери катуу ылдамдыкта жүрүп бара жаткан «Тойота Авенсис» унаасын токтотушкан. Бирок айдоочу талапка баш ийбестен катуу ылдамдыкты улантып, качып кеткен. Тиешелүү жобого ылайык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлер катуу ылдамдыктагы унаанын артынан түшкөн. Ал эми унаа болжол менен 800 метр жүргөндөн кийин башкаруусун жоготуп, талкаланган абалда табылды.

Ошондой эле расмий орган жол кырсыктын кесепетинен Күрмөнтү айылынын 24 жаштагы тургуну Б.С. оор жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумганын тастыктады. Унааны ушул эле айылдын 25 жаштагы тургуну башкарып бара жатканы белгилүү болуп, учурда дарыгерлер жабырлануучуларга жардам көрсөтүп жатышат.

Кийинчерээк Turmush басылмасы каза болгон жүргүнчү менен жабырлануучулардын аты-жөнүн тактады.

Каза болгон жүргүнчү — Күрмөнтү айылынын 1994-жылы туулган тургуну Б.Санжар.

Жабыркагандар:

- Күрмөнтү айылынын 1996-жылы туулган тургуну Т.Калыйнур (башынан, беш мээсинен жаракат алып, кабыргалары сынган. Дарыгерлердин кароосунан кийин Ысык-Көл облустук оорукананын травматология бөлүмүнө которулду);

- Күрмөнтү айылынын 1994-жылы туулган тургуну А.Нурсултан (башынан, баш мээсинен жана көкүрөк тарабынан жаракат алган).

- Күрмөнтү айылынын 1993-жылы туулган тургуну Ж.Максат (баш мээсинен жана көкүрөк тарабынан жаракат алган. Дарыгерлердин кароосунан кийин Түп райондук аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды).

Кийинчерээк Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, кырсык болгон жерде документтерди толтуруу учурунда жабырлануучулардын туугандары — болжол менен 20га жакын адам чогулган. Алар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлердин денесине жаракат келтирип, видеожетондорун тартып алышкан. Кызматкерлер оорукана түшкөн. Бул факты да каттоого алынып, топтолгон материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлдү. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси («Бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү») боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×