Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Баракелде

Б.Сүйүнбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Turmush -  Сүйүнбаев Болот Турарович өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тишелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жетекчини коллективге Өкмөттүн аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев тааныштырды.

Буга чейин Б.Сүйүнбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору кызматын аркалаган. Ал аталган кызматтан 2018-жылдын 7-апрелинде бошотулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 637
Көп окулду
×