Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусу 16.04.2018 11:16

Памперске толгон жол: Нарын — Бишкек — Торугарт унаа жолундагы акыр-чикирлер тазаланды (фото)

Turmush -  Памперс, баштык жана желим бөтөлкөлөргө толгон Нарын — Бишкек — Торугарт унаа жолунун жээктери тазаланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Он-Арча айыл өкмөт башчысы Автандил Молдосалиев өз аппарат кызматкерлери менен чогуу бир күн кечке памперс терип чыгышты. Алар жашаган айыл Бишкек — Нарын — Торугарт ууна жолунун жээгинде жайгашкан.

«Памперс, баштык, бөтөлкөсүнө чейин бар экен. Жалпы мамлекеттик кызматкерлер өз мекемелеринин алдын жана борбордук бөлүктөрдү гана тазалап, ушундай чоң жолдун жээктерине көңүл бөлүшпөйт. Жок дегенде ушул айыл өкмөттөн башка айылдар үлгү алып, өзүнүн аймагындагы жолдордун жээктерин тазалап турушса жакшы эле болчудай.

"Ишембиликке чыккыла" деп окуучуларды эле чыгарып койбой, өздөрү памперс терип жүргөн айыл өкмөт башчысына жана аппарат кызматкерлерине ыраазы болдум. Ар бирибиз таза жүрсөк, көчөгө таштандыларды ыргытпасак, коом, аба да таза болот эле», - дейт айыл тургуну Жазгүл Койгелдиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×