Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Тагдыр: Тубаса майып таяке-жээн Ысык-Көлдү кыдырып, концерт коюшту (фото)

Turmush -  Түп районунда көздөрү боюнча тубаса майып таяке-жээн — 23 жаштагы Аскар Жекишов жана 15 жаштагы Ислам Сыдыков «Дайыма жашоо керек үмүт менен» аттуу концертин тартуулашты.

Булар менен чогуу жүрүп, ысыгына күйүп, суугуна тоңгон Аскардын атасы, Исламдын таятасы Кылычбек Жекишовго кайрылганда ал төмөнкүлөргө токтолду:

«Бул эки жигиттен башка 25 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар «Дайыма жашоо керек үмүт менен» аттуу фондду түзгөнүбүзгө 3 жыл болду. 3 жыл ичинде ар кандай иш-чараларга катышып, жеңиштерди жаратып келебиз. Көптөгөн конкурс-фестивалдын жеңүүчүсү, эки жолу баш байгенин ээси болдук. Акыркы жолу Москвада «Белый трость» фестивалына катышып келгенбиз. Нарын, Чүй облустарын кыдырып бүтүп, Ысык-Көл облусунун Түп районун кыдырып жатабыз. Эми Ак-Суу району эле калды. Аны бүткөндөн кийин Түркияга конкурска катышууга даярданабыз», - деди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 853
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×