Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Талас

Бакай-Атада бир күндө 2 өрт чыгып, турак үй өрттөндү (фото, видео)

Turmush -  Бакай-Ата районунда бир күндө — кечээ, 14-апрелде эки өрт чыкты. Адам өмүрүнө зыян келтирилген жок, деп билдирди ӨКМдин аймактык башкармалыгы.

Алгач Боо-Терек айылында куураган чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 11:55те Бакай-Ата райондук өрт өчүрүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жөнөтүлүп, өрт саат 12:50дө толук өчүрүлгөн.

Ошондой эле Бакай-Ата айылынын Эркинбек көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 16:56да 1 бөлүм жөнөтүлүп, өрт саат 17:55те толук өчүрүлдү. Учурда чыгымдын көлөмү такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 651
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×