Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 14.04.2018 11:48 На русском

«Булак» эс алуу жайындагы 10 тонна таштандыны райадминистрация менен айыл өкмөттүн кызматкерлери тазалап чыкты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл аймагына караштуу «Булак» эс алуу жайы акыр-чикирге толуп кеткени социалдык түйүндөр аркылуу айтылып, нааразычылыктар жаралган. 12-апрель күнү Аламүдүн райондук администрациясы менен айыл өкмөттүн кызматкерлери ишембиликке чыгып, аталган аймактан 10,5 тонна таштанды тазалап чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кара-Жыгач айыл өкмөтүнөн билдиришкен.

«Ушул жерге эс алганы келген меймандар, жергиликтүү тургундар буюм-тайым, тамак-аштарынын калдыктарын ыргытпастан, акыр-чикир үчүн даярдалган акырларга ыргытып коюшса жакшы болмок. Таштандыны эс алуучу жайга өзүбүз эле ыргытып, кайра өзүбүз нааразы болуп жатабыз», - деп айтылат маалыматта.

Аталган ишембиликке 40 адам тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×