
Turmush - Манас районундагы ички чарбалык Акча каналынын 1 км 200 метр аралыгын бетондоо жана жаңы тосмолорду орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул иштерди Талас суу курулуш компаниясы жүргүзөт.
Ички чарбалык каналдагы жасалып жаткан иштердин натыйжасында сууну коромжусуз жеткирүүгө шарт түзүлөт, деп билдирди «Талас суу курулуш» жабык акционердик коомунун прорабы Өмүрзак Бегалиев.
Учурда сугат суу өнөктүгү башталганына байланыштуу дыйкандардын айдоо жерине өз маалында суу жеткирүү үчүн кошумча Жан каналы аркылуу суу берилип жатат.