Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Чүй облусу 13.04.2018 11:58

Веб-камера аркылуу интим кызмат көрсөтүп жатат деген жалган жалаанын айынан күйөөм менен ажыраштым, - Мирана Мамырбаева

Turmush -  Социалдык түйүндөрдө веб-камера аркылуу интим кызмат көрсөтүп жатат деген кыргыз кыздын жылаӊач сүрөттөрү тарап, талкууга жем таштаган. Ошондой эле, түрк жаранына камера аркылуу кызмат көрсөтүп, андан акча алгандыгы да айтылган. Бирок Мирана Мамырбаева мындай маалыматтар жалган экендигин, аны социалдык тармактардын колдонуучулары фейк аккаунттар аркылуу таратып жаткандыгын аймактык кабарчыга билдирди.

«Азыр шок абалда болуп, оюмду жыйнай албай турам. Бул маалыматты таратып жаткан фейк колдонуучунун мага кандай өчү бар экенин билбейм. Бул адам ушуну менен экинчи жолу менин атымды булгап, жалган жалаа жаап жатат. Биринчисинде, мен көп маани берген эмесмин, себеби менин намысымды мынча тепселеген эмес. Бирок, бул жолу менин жеке жашоомо терс таасирин тийгизген окуя болуп жатат. Сүрөттөрдөгү жылаӊач кыз мага окшошпойт. Моюнунда татуировкасы бар, муруну, оозу башка. Менден жашы кичүү экени көрүнүп турат. Азыр сотко барып, жалган жалаа боюнча доомду коеюн деп жатам. Бул ирет атымды актамайынча жаным тынбайт. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда ушунун себебинен уруш чыгып, азыр эки жолго түштүк. Жолдошум мен эмес экениме ишенип турса дагы, колдогусу келген жок окшойт.

Буга чейин эӊ алгачкы каралоого Дача СУдагы учак кырсыгынан 2-3 күн өткөндөн кийин кабылдым. Анда да менин атымды жамынып, ушул эле фейк аркылуу "оштуктар сасыбай Ошуӊарга кеткилечи" деген пикир жазууну тараткан. Ал учурда да аябай жаман болуп жүрдүм. Мени тааныбаган адамдар интернеттен коркутуп, өлтүрүп кетебиз дешкен. Бирок менин жакын адамдарым буга ишенген эмес. Азыр деле ишенишкен жок. Анткени ал веб-камерадагы кыз таптакыр мага окшош эмес. Аны келесоо адам деле көрүп турат.

Мен УКМКга арыз менен кайрылганда, алар бул фейк колдонуучу Белоруссиядан чыгып жатат дешкен. Сыртта болгондуктан алар эч нерсе кылган эмес жана мен да бул боюнча аягына чейин чуркаган эмесмин. Азыр болсо Тышкы иштер министрлиги аркылуу же башка органдар аркылуу мен бул кишини табам. Бул жолкусун кечирбейм.

Кимге мунун кереги бар экенин мен билбей жатам. Эч кимге жамандык кылган эмесмин. Журналист болуп жүргөндө да, эч кимди жамандап жазган эмес элем», - деди ал.

Мирана Мамырбаева бир баланын апасы. Ал мурда кыргыз гезиттеринин бириндеги сайтында модератор болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×