Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Баткен

Баткендеги керемет: Айгүлдөр гүлдөп, Айгүл-Ташка келгендер көбөйдү (видео)

Turmush -  Баткен облусунда айгүл гүлү гүлдөй баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Баткен токой чарбасынын кызматкери Аскарбек Дүйшеевдин айтымында, буга чейин аба ырайы ачылбагандыктан гүлдөр жакшы ачылбай жатты. 10-апрелден баштап күн жылып, гүлдөр ачыла баштады. Учурда гүлдү көрүү үчүн Айгүл-Тоого 200гө жакын адам келди.

Айгүл жыл сайын апрель айынын башында гүлдөйт. Айгүл-Таш мамлекеттик ботаникалык коругунун жалпы аянты 254 гектарга жетет. Айгүл гүлү Кызыл китепке киргизилген.

«Биз бул жерде гүлдү кайтарабыз. Адамдарды тоонун бир жагына гана чыгарып жатабыз. Себеби гүлдү көбөйтүү аракеттери көрүлүп жатат. «Айгүл гүлгө мониторинг жарыялаптыр, көрүүгө болбойт экен» деген сөздөр жалган. Каалагандар үзбөй, көрүп кетишсе болот», - деди ал.

1 даана гүлдү үзгөндөргө 300 сом айып пул салынат.

Айгүл-Тоого чыга албагандар үчүн Кара-Булак айылынын тургуну Айзат Ганиева короосуна 200гө жакын айгүл өстүргөн.

Өзүнүн айтымында, алар 1-апрелде гүлдөй баштаган. Учурда бардыгы тегиз гүлдөдү. Аларды көргөнү келгендер 50 сомдон акы төлөшөт.

«2 балам бар. Жолдошум Жаныбек Балтабаев Россияда иштеп жүрөт. Мен гүлдөрү карап, көргөнү келген ар бир адамдан 50 сомдон акы алам. Себеби гүлдөрдү карап, өстүргөн мээнетимди актасын. Үйдө бекер отурбай балдардын керегине жарап калар деп, ушул идеяны туура көрдүм. Гүлдөрдүн эң улуусу 35 жылдык», - деди ал.

Изат Ганиева 1-апрелден бери айгүлдү көргөнү келгендерден 2-3 миң сом акча тапканын кошумчалады.

Буга чейин Turmush басылмасы Айзат Ганиева короосунда айгүл гүлдөрдү өстүрүп жаткандыгын жазган.

Өзүнүн айтымында, өстүрүп жаткан гүлдөрүнүн саны 500гө жакын. Өзү Кара-Булакка 15 жыл мурда келин болуп келген. Гүлдөр 30 жылдан бери өстүрүлөт. Ага чейин кайын энеси карап өстүрсө, учурда гүлдөр анын камкордугунда.

«Гүлдөрдү суу куюп деле карабайм. Болгону чөптөрүн отоп, бирөө жулуп кетпесин деп адамдардан, жеп кетпесин деп малдан гана коруп турам. Суу куюлбаса деле өзү өсүп, гүлдөй берет. Булар гүлдөгөндө үйүбүздүн алды көрккө бөлөнөт. Айгүл тоосу бийик болгондуктан, ага чыга албагандар меникине келип көрүп кетишет. Булар гүлдөгөн кезде мага тыным жок. Бирин узатсаң, экинчиси келет. Карап турбасаң жулуп да кетет. Быйылкы жылы айгүл гүлдөрдү акча берип көрө турган кылсамбы деп турам (күлүп)», - деген ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3464
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×