Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 13.04.2018 10:55 Жаңыланды: 14.04.2018 14:38

Айыл турмушу: Кара-Бууралык уста З.Турусбеков шакирттери менен чогуу жылына 200 миң сом киреше табат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 55 жаштагы тургуну Замир Турусбеков 25 жылдан бери темир устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жылына 200 миң сомдун тегерегинде киреше табат.

«Темир устачылык менен алектенгениме 25 жылдын жүзү болуп калды. Көбүнчө буйрутма алып, кардар каалаган шайманды жасап беребиз. Биз менен тыгыз иштешкен 3 ишкер бар. Алар менен дайыма байланыштабыз. 1995-жылдан баштап шакирттериме темир устачылык өнөрдү үйрөтө баштагам. Шаймандарды жасоого керектүү темир буюмдарды көбүнчө Казакстандын Тараз шаарынан алып келебиз. Орточо эсеп менен жылына 200 миң сомго жакын каражат табабыз. Күнүмдүк жумушубуздун аркасынан нан таап, бала-чаканы багып келе жатабыз», - деди ал.

Уста 2 кыз, 2 уул жана 8 неберенин атасы.

Анын шакирти Азат Касымбаев кесиби боюнча айдоочу экендигин кошумчалады.

«Айыл чарбага керектелүүчү шаймандарды оңдоп-түздөп же жаңысын жасап беребиз. Ширетүү менен 2000-жылдан бери алектенем. Учурдун талабына ылайык комбайн, дары сепкич жана башкага керектелүүчү шаймандарды жасайбыз. Жумушубузда тоскоолдуктар көп, мисалы азыр темир жок. СССР таркагандан бери шаймандарды жасоодогу керектүү буюмдарды табуу кыйынчылык туудурат. Күндө канча каражат табарыбызды эсептебейбиз. Анткени каражаттын түшкөнүнөн тышкары керектелүүчү техникаларды бат-бат алмаштырууга туура келет. Күнүнө 4-5 саат иштейбиз», - деди ал.

Экинчи шакирти Сыргалбек Болубаев кесиби боюнча механик.

«4 жылдан бери темир устаканада эмгектенем. Азыркы учурда соко жасап жатабыз. Айыл чарбага керектелүүчү шаймандарды жасайбыз. Буйрутмалар өзүбүздүн айылдан, коңшу айылдардан да келет. Темир ширетүүчү устаканада 2 адам болуп эмгектенебиз. Устатыбыз Замир агай бул жаатта көп жылдан бери эмгектенгендиктен айылдын баары тааныйт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×