Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Мамкаттоо кызматы Айдаркенде ката жазылып берилген документтерди алмаштырып берет (фото)

Turmush -  Айдаркен шаарында жыл башынан бери жарандарга туулгандыгы тууралуу жараксыз күбөлүктөр берилүүдө. Бул тууралуу Айдаркен шаарынын тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, күбөлүктөрдөгү дарек туура эмес жазылууда.

«Мен март айында кызыма күбөлүк алгам. Анын туура эмес экенин билбей алып алыптырмын. Сохко туугандардыкына баралы деп чек ара постунан өтөлү десек кызымдын күбөлүгүн жасалма деп айтышты. Анткени ага Айдаркен шаары эмес «Айдаркен айыл өкмөтү» деп коюптур. Анан Баткен областы дегенди «оласти» деп койгон экен. Келип оңдоп бергиле десек оңдой албайт экен. Азыр эми кызым чек арадан өтө албай жатат», - деди айдаркендик Маматжан Мырзабеков.

«Бул докумен чет жакка эле эмес өзүбүздө да жарабайт. Балдарыбыз эртең паспорт алат. Анда күбөлүктөрү керек. Биз «оласти» деп жаздырабызбы? Мамлекеттик каттоо кызметкерлеринин билими жокпу? Биздин шаар болгонубузга 6 жыл болду. Дагы эле айыл өкмөт деп жазыптыр», - деди шаар тургуну Ганыжан Сариев.

Мэрияда мындай документтердин саны тууралуу маалымат жок.

«2018-жылга чейин күбөлүктөр аймактардагы мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан кол жазма түрүндө жазылып берилчү. Жыл башынан бери «Таза коом» долбоорунун алкагында күбөлүктөр борбордон басма тамгалар менен жазылып, ошол жактан даярдалып келинет. Бирок башында базага ката түшүп калгандыктан, барында «Айдаркен айыл өкмөтү» жана «Баткен оласти» болуп таркаган. Шаарда канча балага мындай күбөлүк берилгендиги тууралуу мэрияда маалымат жок», - деди Айдаркен шаарынын вице-мэри Азамат Саитов.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы күбөлүктөрдөгү каталар боюнча 6-апрель күнү Айдаркен шаарынын тургундарынан арыз келип түшкөндүгүн билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда түшкөн арыздын негизинде каттоо кызматында атайын комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүрүп жатат. Анда кызматкерлердин жоопкерчилиги каралып, кимдер тарабынан катачылыктар кеткенин аныкталып жатат. Күнөөлүүлөргө карата тийштүү чаралар көрүлмөкчү. 2 күндүн ичинде базага түшкөн каталар оңдотулат. Буга чейин жараксыз болуп жаткан күбөлүктөрдүн ээлери кайрадан оңдотушса болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1446
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×