Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баткен

Баткенде 82 жаштагы апа айылдашы менен жер талашууда (видео)

Turmush -  Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну 82 жаштагы Токтокан Мырзаева 1,5 гектар жерин кайтарып алууга жардам сурап жатат.

Өзүнүн айтымында 1,5 гектар жеринин документи колунда турса да башкалар менчиктештирип алган.

«2009-жылы Кара-Бак айыл өкмөтүнөн токтом чыгарып, Кызыл-Бел айылынан 1,5 гектар жер алганбыз. Бирок 2016-жылы күйөөмдүн көзү өткөндөн кийин жерибизди, айылыбыздагы Камалидин Ахмедовдун атына өтүп калганын билдим. Анан сотко кайрылсам менин кызыл китебимди жараксыз деп жокко чышарды. Айыл өкмөтү эмнеге жараксыз берсин? Учурда ал жерде үйлөр салынып калган», - деди ал.

Талашка түшкөн жердин учурдагы ээси Кызыл-Бел айылынын тургуну Камалидин Ахмедов деп турат.

«2013-жылы Мырзаеванын кызыл китеби жараксыз болуп табылгандан кийин жеке менчик мамлекеттик акт жокко чыгып, 60 сотых жер Ахмедовго 15 жылга ижарага берилген. Калган 90 сотых айыл өкмөттүн карамагында турат», - деди Баткен райондук мамлекттик каттоо бөлүмүнүн башкы каттоочу адиси Айтпай Эргешов.

Жердин учурдагы ээси Камалидин Ахмедов жерди акт жокко чыгарылгандан кийин алгандыгын билдирди.

«Учурда Мырзаеванын мени менен талашып жаткан жеринен сырткары 1,5 гектаржери бар. Ал ошол эле жердин документин 2 жолу жасатып экөөнө тең айыл өкмөттөн кол койдуруп алган. Бирок анын бирөөсү жараксыз болгон. Ошондуктан акт жокко чыккан. Талашып жаткан жер мурда КППнын жери болгон, биз карап жүргөнбүз. Кийин документтештирип алууга уруксат берилген. Ал убакта мен чет жака чыгып кеткем. Келсем мага деп аталган жерди да өздөрүнө өткөрүп алышкан. Менин 60 сотых жеримдин Мырзаеванын жерине тиешеси жок», - деди Ахмедов.

Учурда соттун чечим чыкпай туруп талаш жерге үйлөр салынып калган. Жердин кандай берилип калгандыгы тууралуу Кара-Бак айыл өкмөтүндө маалымат жок.

«Өткөн жылы прокуратура тарабынан 90 сотых жерди балансыбызга алуу боюнча тапшырма болгон. Бирок ал жерге 6 үй түшүп калган. Аны сүрдүрө албайбыз. Эми соттун чечимин күтөбүз», - деди Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Турдубай Нишанбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 798
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 7 адам окуп жатат)
×