Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баткен

Баткенде 20 тонна аткезчилик жүк кармалды

Turmush -  Баткен облусундагы чек арачылар УКМК кызматкерлери менен биргеликте аткезчилик жүктү кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, кыргызстандык жаран жүк ташуучу унаа менен Тажикстандан Кыргызстанга 20 тонна кара металл жана ар бири 5 кг салмактагы 240 даана газ баллон алып өтүүгө аракет кылган. Жанында газ баллондор боюнча тиешелүү кагаздар болгон эмес. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин аткезчилик жүк УКМКга өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 562
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 7 адам окуп жатат)
×