Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баткен

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери жанданат

Turmush -  Тажикстан менен чек араларды тактоо иштери жанданат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, мындан 5-6 жыл мурда 2 өлкөнүн чек араларын тактоо иши бир тараптуу токтоп калган.

«Делимитация иши боюнча өкмөт аралык комиссиянын кызматташтыгын жандандыруу чечими 2 өлкө президенттеринин Тажикстандагы жолугушуусунда сүйлөшүлгөн. Февралдагы макулдашуунун негизинде талаш тилкелерди тактоо боюнча эки тараптуу комиссия түзүлгөн. Азыр ал жумушчу топ сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган. Бизден да комиссиянын мүчөсүндө 20 киши бар. Алар азыр Тажикстандын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Баткен облустук коргонуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы Таштемир Эшалиевдин айтымында, буга чейин делимитация жана демаркация иши тынымсыз жүрүп келген.

«Бирок калктуу конуштарга келгенде тажик тараптан токтоп калган эле. Жайыт жерлер мындан 10 жыл мурда аныкталган. Азыр эми 2 тарап тең жергиликтүү эл менен сүйлөшүп, сотыхка сотых, гектарына гектар алмашуу жолу менен алмашпаса Чаркөө, Ворух, Көк-Таш жана Саада, Ак-Сай айылдарында 2 улуттун үйлөрү шахмат түрүндө түшкөн. Эртерээк тездетип тактабаса, чыр-чатак токтобойт. Жыл башынан бери такталбаган аймактарда 2 окуя катталды», - деди Эшалиев.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымды түзүп, 520 чакырымы 2 тараптуу такталып, 450 чакырымы тактала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 491
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 6 адам окуп жатат)
×