Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусу, Баткен 06.04.2018 12:45

Баткенде «Бий — бул ден соолук, ден соолук — бул сулуулук» акциясы өттү

Turmush -  Бүгүн, 6-апрелде Баткен шаарында 7-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата «Бий — бул ден соолук, ден соолук — бул сулуулук» акциясы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чарада облус жетекчилиги катышуучуларды куттуктап, спорттун маанисин белгилешти. Акциянын алкагында 100дөй кыз-келиндер музыканын коштоосунда бийлеп, көнүгүүлөрдү жасашты. Мыкты бийлеген айымдар белектерге ээ болушту.

Ошондой эле айымдар кан басымдарын, организмдеги канттын өлчөмүн жана салмак менен бел өлчөмдөрүн да акысыз текшертишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×