Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баткен облусуБаткен району 06.04.2018 11:34

Баткенде чек арадагы чатакта талкаланган үйдүн чатыры оңдолду (фото)

Turmush -  Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу облус жетекчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, Үч-Дөбө айылында учурда абал тынч. Күч түзүмдөрүнөн күчөтүлгөн топ участокто нөөмөттө турат. Жабыр тарткан адамдын үйүнүн чыгымдары такталды. Ага облустук, райондук, айыл аймактык бийликтер тарабынан материалдык жардам берилип, үйдү оңдоп-түздөө иштери башталган. Баткен районунун жана Ак-Сай айыл аймагынын жетекчилиги менен бүгүн жабыркаган үйдүн чатыры жаңыланып, сынган тарабындагы шиферлер жаңысына алмаштырылды. Ал эми ыйгарым укуктуу өкүл өзүнүн резервдик фондунан үй ээси Абдираим уулу Амирбекке 25 миң сомдук жардам көрсөттү.

Баткен районунун акими Кеңеш Каримовдун айтымында, чатак учурунда 3 адамдын үйлөрү зыян тарткан. Алар Үч-Дөбө айылынын тургуну Баяманова Ажарбүбүнүн үйүнө 67 миң сомдук, Болот Даабековдун үйүнө 6000 сомдук, Абдилла Байзаковдун үйүнө 7000 сомдук зыян келтирилген. Учурда Ажарбүбү Баяманованын үйүнүн чатыры алмаштырылып, эшик-терезелери жаңыланууда.

Чыр чыккан учурда талкаланган үй

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×