Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баткен облусу 05.04.2018 17:30

Баткенде чек арадагы таш ыргытуудан жабыркагандардын абалы туруктуу

Turmush -  Баткенде тажик-кыргыз чек арасындагы чыр учурунда таш ыргытуудан жабыркаган кыргызстандык 2 жарандын абалы канааттандырарлык. Учурда алар Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүндө дарыланып жатышат.

«Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө 3-апрель күнү 3 адам келип түштү. Алардын бирөөнүн абалы жакшы болгондуктан, медициналык текшерүүдөн кийин үйүнө жөнөттүк. Экөөнүн башына таш тийген. Учурда экөөнүн тең абалы туруктуу», - деди облустук биргелешкен ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Абдилазиз Асанов.

Жабырлануучу Нуртилек Аззамовдун айтымында, ал досунун үйүнө курулуш иштерине жардамга барган учурда жабыркаган.

«Досум дубал куралы дегенинен жардамдашып жаткан элем. Бир убакта тажиктердин короосунан таш ыргытышты. Менин башыма таш тийип, Самаркандектин ооруканасына алып келишти. Тез жардам чакырсак келген жок, ооруканага жаныбыздагылар жеткирди. Азыр башымдагы жарылган бөлүгүн тигип коюшту. Буга чейин мындай болгон эмеспиз», - деди Үч-Дөбө айылынын тургуну Нуртилек.

Анын жанында таш ыргытуудан жабыркаган айылдашы Анарбай Баянов да дарыланып жатат.

Окуя тууралуу:

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 3-апрелде кечке маал жер талаштан улам чыккан.

Маалыматка караганда, тажик тарап Кыргызстандын жериндеги дүкөндүн жанына контейнер алып келип коюуга аракет кылган. Ал учурда кыргыз тарап чек ара тилкесин тосууга аракет кылып, ортодо чатак чыккан. Эки тарап жер талашып жатканда тажик тарап таш менен уруп, эки жактан тең ондогон адамдар топтолуп, бири-бирине таш ыргытууга чейин жетишти. Тажик тарап 2 аптадан бери контейнер коюуга аракет кылып келишкен.

Ал эми экинчи маалыматтарга караганда, жаңжал саат 17:00 чамасында чыкты. Чырдын чыгышына Кыргызстандын Үч-Дөбө айылынын тургуну чарбагын тосуу үчүн дубал курууга кылган аракети себеп болгон. Тажик тарап «бул такталбаган жер, мында курулуш курганга болбойт, эки тараптуу келишимде ушинтип сүйлөшүлгөн» деп нараазы болуп, 2 тараптан ондогон адамдар топтолгон. Ортодогу чатак эки тараптын бири-бирине таш ыргытуусуна чейин жеткен. Анын кесепетинен кыргыз тараптан 1-2 адам жаракат алып, ооруканага кайрылышкан. Тажик тараптан да жабыркагандар бар.

Учурда бул аймакта абал тынч.

Чыр чыгууга себеп болгон дубал (сүрөттөр менен видео 3-апрелде тартылган)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×