Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 05.04.2018 11:35 На русском

Кызыл-Кыяда согуштун ардагери Н.Кааров 93 жашында көз жумду

Turmush -  29-мартта Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Нишанбай Кааров 93 жашында көз жумду.

Ардагер 1925-жылы 22-сентябрда Кызыл-Кыяда төрөлгөн. 1944-жылы март айында согушка аттанып, 1945-жылы кайтып келген. Аксакал согуштагы эрдиктери үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болду. Согуштан кийин шаардагы базарда жана шахтада жетекчи болуп иштеп, жубайы экөө 8 уул-кызды өстүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×