Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Баткен

Баткенде мумие тергени келип жоголгон чет элдик адам 4 күндөн кийин табылды

Turmush -  Баткен районунда 1-апрелде мумие терүү үчүн тоого чыгып кетип жоголгон чет элдик Лю.А. 4-апрелде табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Сай айылынын 1959-жылы туулган тургуну М.К., 1960-жылы туулган тургуну А.И., Бишкек шаарынын 1960-жылы туулган тургуну Ж.С. жана Казакстандын 1960-жылы туулган жараны Лю.А. Ак-Сай айылынын жанына чатыр тигип, Суксурлук тилкесинде мумие теришкени чыгышкан. 3 адам тигилген чатырга кайтып келип, бирок Лю.А. белгисиз себептер менен кайтып келген эмес. Аны шериктери өз алдынча издеп жыйынтык чыкпагандыктан 4-апрелде ӨКМге кабар беришкен. Издөө иштерине 20 куткаруучу тартылган. Лю А. 4-апрелде аталган аймакта жүргөн туристтерге жолугуп, алардын телефону менен байланышка чыккан. Учурда абалы канааттандырарлык. Куткаруучулар аны УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1613
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×