Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Баткен облусуБаткен району 04.04.2018 13:35

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак: Бири-бирине таш ыргытуудан 3 адам жабыркады (фото)

Turmush -  Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен 3 адам жабыркады.

Облустук бириккен ооруканасынын башчысы Нурлан Салиев маалымдагандай, жабыркагандардын мээси чайкалып, башынан жараат алышкан.

Жабыркагандар:

- Самаркандек айылынын 1995-жылы туулган тургуну А.Н;

- Миң-Булак айылынын 1979-жылы туулган тургуну Б.А.;

- Үч-Дөбө айылынын 1996-жылы туулган тургуну А. уулу А. (колунан жаракат алып, амбулатордук жардам көрсөтүлдү).

Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын жашоочулары менен Тажикстандын Исфара районунун Ходжа-Ало айылынын тургундарынын ортосундагы чыр-чатак 3-апрелде чыккан.

Маалым болгондой, тажик тарап Кыргызстандын жериндеги дүкөндүн жанына контейнер алып келип коюуга аракет кылган. Ал учурда кыргыз тарап чек ара тилкесин тосууга аракет кылып, ортодо чыр чыккан. Эки тарап жер талашып жатканда тажик тарап таш менен уруп, чыр чыгарып жиберип, эки жактан тең ондогон адамдар топтолуп, бири-бирине таш ыргытууга чейин барышкан.

Кийинчерээк Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, ОИИБдин жетекчилиги астында КР Атайын багыттагы полкунун, Тез чара көрүү атайын отрядынын кызматкерлери жана ошондой эле Баткен РИИБдин жетекчилиги, ыкчам-тергөө топтору аталган кырдаалды жөнгө салуу жана токтотуу максатында окуя болгон жерге барышкан. Окуя болгон жерге кыргыз жана тажик тараптан 120 чакты тургундар топтолушкан.

«Чек ара маселесинен улам топтолгон жарандар тарабынан бири-бирине таш ыргытуулар болгон. Жагдайды көзөмөлдөө максатында Баткен ОИИБдин жана коңшулаш Тажикстандын Согди ОИИБдин жетекчилиги биргеликте иш-аракеттерди жүргүзүп, чогулган эки тараптуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Кыргыз-тажик тараптын жетекчилеринин жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн негизинде чыр-чатак жөнгө салынып, чогулган эл тарады.

Ошондой эле мындан ары элдердин арасында чыр-чатактардын чыгып кетүүсүн алдын алуу үчүн Баткен ОИИБдин жана Согди ОИИБдин кызматкерлери тарабынан чек ара аймактарында биргелешкен кайгуулдар уюштурулду.

Учурда түзүлгөн кырдаалды мындан ары жөнгө салып, чек ара аймактарындагы элдин коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулоо үчүн Баткен ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги А.Тагаев менен Согди ОИИБдин башчысы, милициянын генерал-майору Х.Назаровдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Учурда кырдаал туруктуу», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×