Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 03.04.2018 15:31

Кадамжайда Өзбекстандан келген кыргыздардын үйлөрүн сүрдүрүү маселеси сотто каралмак болду

Turmush -  Кадамжай районунда Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыздар үлүш жерлерине курган үйлөр мыйзамсыз делинип, иш сотко өттү. Бул тууралу Марказ айыл өкмөтүндөгү Достук участкасынын тургундары айтышты.

Алардын айтымында, Марказ айыл өкмөтүндө 65 кожолук бар. Мыйзамсыз делген үйлөрдү сүрдүрүү талабы менен 5 ай мурда Мамэкотехинспекция сотко кайрылган. Бирок үй ээлери токтомдун негизинде бардык салыктарды төлөп келишкен.

«Биз 8 жыл мурда Өзбекстандан Кадамжайга көчүп келгенбиз. Үй-жай салып жайлангандан кийин үйлөрүбүздү мыйзамсыз деп, бузулат деп жатышат. Бизде уруксат кагазы бар. Ошонун негизинде салыктарды төлөп келебиз», - деди Достук участкасында жашаган этникалык кыргыз Исраил Токторов.

Ал эле эмес үйлөрүнө электр эсептегичтерин да токтомдун негизинде орнотушкан.

Кадамжай району боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурбек Досановдун айтымында, Достук участкасындагы үйлөр үлүш жерлерге курулганын мындан 5 ай мурда аныкташкан.

«Элдин айтып жатканы дагы туура. Алар өз алдынча салып алган жок. Бул жерде турак жай курууга уруксат берилген. Марказ айыл өкмөтүнүн токтому жасалма болгон. Анын негизинде ар бир кожолукка 5 миң сомдон айып пул салынып, турак жайларын буздуруу боюнча материалдар сотко берилген», - деди Досанов.

Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаковдун айтымында, жерлер трансформацияланат делинип, бирок иш токтоп калгандыктан маселе жаралып жатат.

«Мындан 8 жыл мурда аталган үлүш жерлер трансформация болот делинип, бирок документтер толукталбай иш аткарылбай калган. Ошонун негизинде бүгүнкү маселе жаралып отурат. Учурда өкмөткө кайрадан жерди трансформациялоо үчүн документтер даярдалып жатат. Эгерде жердин категориясы өзгөртүлсө маселе оң жагына чечилмек. Азырынча соттун чечимин күтүп жатабыз», - деди Исаков.

Ушундай эле көйгөй Баткен районунда да бар

Буга чейин март айында Баткен районунун 60ка жакын тургуну үлүш жерлерине салып алышкан үйлөрдү Мамэкотехинпекциянын өкүлдөрү буздурууга мажбурлап жатышкандыгы кабарланган.

Алардын айтымында, Мамэкотехинпекциянын өкүлдөрү прокуратурага үлүш жерлерге үй салып алышканы боюнча кайрылуу жөнөтүп, текшерүү жүргүзүүнү сунушташкан. Прокуратуранын өкүлдөрү текшерүүдөн кийин аларга 10 миң сомдон айып салышкан жана үйлөрдү бузууну талап кылышкан. Буга мыйзам боюнча үлүш жерге үй салынбашы керектигин жүйөө келтиришкен. Учурда жергиликтүүлөрдүн арасында бир короодо 3-4 үй-бүлө жашашат. Сесеби чарбакка жер берилбегенине байланыштуу ушундай шартта жашоого мажбур болушууда.

Сүлүктү, Баткен шаары жана Лейлек, Баткен райондору боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Канатбек Сейдалиевдин айтымында, учурда Баткен районунун аймагында 157 адам үлүш жерлерине үй салып, алардын ичинен 6 иш сотко өткөн. Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынан 74 жаран, Самаркандек айыл аймагынан 12 жаран, Кыштут айыл аймагынан 6, Баткен шаарында 26, Ак-Сай айыл аймагында 20, Төрт-Гүл айыл аймагында 10, Кара-Булак айыл аймагында 1 жана Дара айыл аймагынан 8 жаран үлүш жерлерине үй салышкандыгы аныкталган. Учурда бул маселени тиешелүү тараптар карап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×