Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 02.04.2018 13:49

Баткенде суу каптоо коркунучунан улам дарыялардын жээктери бекемделүүдө

Turmush -  Баткен районунда дарыянын жээктеринде жайгашкан 500 гектарга жакын айдоо жерди суу жууп кетүү коркунучу жаралууда. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен райондук жана шаардык бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуев билдирди.

Анын айтымында, Ак-Суу жана Кожо-Ашкан дарыяларындагы суунун деңгээли июнь, июль айларында көтөрүлүп, 330 метр кубга чейин жетет. Мындайда суу ташкындоо коркунучу жаралат.

«Учурда Баткен районундагы Кажо-Ашкан жана Ак-Суу дарыяларынын жээгиндеги кооптуу делген 563 метр аралыкка дамба курулуп бекемделди. Кожо-Ашкан дарыясы Төрт-Гүл, Дара, Суу-Башы, Ак-Турпак жана Кыштут айыл өкмөттөрүн аралап өтүп, 200 гектарга жакын айдоо жерлерине коркунуч жаратат.

Ал эми Ак-Суу дарыясы Өзбекстан менен чектеш Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылын аралап өтүп, 90 гектардай аймакты жууп кетүү коркунучун алып келет. Андыктан жыл сайын дамба куруу жумушу уланып, 563 метри бекемделип, 140 кожолук жана 90 гектар аянт корголду. Азыр эми кооптуу делген Зарташ айылындагы 203 метри калды. Суу-Башы жана Кара-Бак айыл өкмөттөрүндө жумуш уланууда. Кара-Бак айыл өкмөтүндө ишти жергиликтүү бийлик колго алган. Аларга ӨКМден 1 тонна күйүүчү май берилди. Ал эми Суу-Башы айыл өкмөтүнө 10 млн сом өткөн жылы бөлүнгөн», - деди Турдуев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×