Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Фото — 10-класстагы Даткайым Сүлүктү шаарынын эң сулуу кызы деп табылды

Turmush -  Кечээ, 29-мартта Сүлүктү шаарында өткөн «Жаз сулуусу 2018» сынагында 17 жаштагы Даткайым Мурасатова баш байгени утту. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык маданият үйүнүн маданий массалык иштерди уюштуруучусу Гүлбарчын Орунбаева билдирди.

Маалыматка караганда, сынакка шаар аймагынан 6 кыз катышты. Анда саламдашуу, бийлөө, аялзатын даңазалаган ыр ырдоо, тамактарды көзү байланган учурда даамдап айтып берүү, аял жана жашоо темасында тамашалуу көрүнүштөрдү көрсөтүү, пайдалуу кеңештерди айтып берүү тапшырмалары аткарылды.

Жыйынтык:

Баш байге — Даткайым Мурасатова (133 упай);

1-орун — Айкүмүш Садирова (132 упай);

2-орун — Айназик Саттарова (127 упай);

3-орун — Абдырайым кызы Мээрим (125 упай);

4-орун — Бегайым Нурдинова (117 упай).

Баш байгени уткан Даткайым Мурасатова учурда Сүлүктү шаарындагы Исхак Разаков атындагы №7 орто мектебинде 10-класста окуйт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2849
×