Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 29.03.2018 13:04 На русском

Видео — Кадамжайда баңгизат чегип жүргөн бир нече адам кармалды

Turmush -  Кадамжайда баңгизат чегип жүргөн бир нече адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери Кадамжай шаарчасындагы автобекеттин алдында көк түстөгү «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет жасашканда, айдоочусу баш ийбей качып жөнөгөн. Тез арада көрүлгөн чаранын негизинде унаа кармалып, ичинен 9 граммга жакын гашиш табылган. Унаанын ичинде Кадамжай районунун Чекелик айылынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 40 жаштагы М.З., Баткен шаарынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 37 жаштагы М.А. жана Кадамжай районунун Орозбеков айылынын 46 жаштагы тургуну А.Б. кармалып, күнөөлөрүн мойнуна алышып, баңгизаттарды дайыма колдонуп жүрүшкөндүгүн айтышкан. Алар баңгизатты Кызыл-Кыя шаарында жашаган Э. жана А. аттуу тааныштарынан сатып алышкандыгын билдиришкен. Аталган факты боюнча тиешелүү берене менен кылмыш иш козголду.

Кылмыш иштин алкагында ИИМдин атайын тизмесинде турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган «Асан» каймана аттуу 25 жаштагы Ж.Ү. Ноокат районунун Салиев айылында жашаган үйгө тинтүү жүргүзүлгөн. Үйдөн кичинекей желим баштыкка оролгон, өңү күрөң, жыты баңгизатка окшогон зат табылып, аны чегүүгө колдонгон түтүкчөлөр жана 5 даана огу менен курал табылган. Бул кылмышка катыштыгы бар деп шектелген экинчи шектүү — жакында эле каракчылык беренеси менен соттолуп, шарттуу түрдө эркинен ажыратылган 23 жаштагы Ш. Э. экендиги аныкталды.

Экспертизанын негизинде алынган гашиштин салмагы 3,77 грамм экендиги, ок атуучу курал ТОЗ-16 экендиги такталды. Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмүнүн жана 241-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иш козголуп, кармалгандардын бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×