Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Баткен

Кадамжайда жер көчкү коркунучу бар аймактын жашоочулары көчүрүлдү

Turmush -  Кадамжай районунун Чаувай айылында жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймакта жашаган 28 үй-бүлө коопсуз аймакка убактылуу көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чаувай айыл аймагындагы кооптуу аймакта жашап жаткан тургундар менен жолугушуу өткөрүлүп, 28 үй-бүлө «Чаувай кен» ишканасынын базасындагы турак жайларга көчмөй болгон. Ошондой эле башка жашоочуларды көчүрүү иштери аткарылып жатат. Андан сырткары 14-март күнү Кадамжай шаардык мэриясынын адистери менен биргеликте Кадамжай шаарындагы авариялык абалда турган көп кабаттуу турак үйдүн жашоочулары менен жолугушуу өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 477
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×