Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Баткендеги журналисттер интернеттеги маалыматтар үчүн жоопкерчилик жөнүндө мыйзамды талкуулады

Turmush -  Баткендеги журналисттер депутат Дастан Бекешов сунуштаган мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү демилгесин талкуулады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, мыйзам долбоорунда интернет булактарында жана массалык маалымат каражаттарында адамдын абийирине, кадыр-баркына, ишкерлик беделине шек келтирген маалымат жарыяланса, аны сотко берүү жана 20 миң сомдон жогору айып пулга жыгуу керектиги айтылган.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын Баткендеги өкүлү Батырбек Шүкүров журналисттер бул мыйзамды өзгөртүүгө каршы болушкандыгын билдирди.

«Мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү менен коррупцияга жол ачылат жана ызы-чууну көп жаратып алабыз. Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорун сот аткаруучулары иштетип беришсе, ошол жетиштүү деп каршы пикирлерин айтышты», - деди Шүкүров.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 824
Көп окулду
×