Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Баткен

Баткенде 17 миңден ашык көчөт отургузулду

Turmush -  Баткен облустук экология жана токой чарбасы облус аймагында 17 миң 380 түп көчөт отургузду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, жаз алды менен өндүргөн көчөттөр облустун район, шаар, айыл аймак, мекеме-ишканаларга акысыз таратылган. Арка токой чарбасы тарабынан 8035 өрүк, 330 туя, 320 арча, 1200 роза гүлү, 250 кызыл карагай, 500 терек берилсе, Баткен токой чарбасы 167 карагай, 1150 арча, 20 туя таратты. Лейлек токой чарбасы тарабынан 1580 терек, 752 алма, 18 кайың, 15 жаңгак отургузулду. Ал эми Үч-Коргон токой чарбасы тарабынан 96 карагай, 150 арча, 110 чыгыш арчасы, 2000 ийне жалбырактуу кайрагач дарагынын көчөттөрү берилип, «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркы тарабынан 387 карагай, 50 арча, 50 туя, 200 ак кайың отургузулду.

Жалпы мекеме тарабынан 1 млн 527 миң 550 сомдук көчөттөр отургузулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 560
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×