Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусу, Баткен 26.03.2018 11:47

Баткенде ички арыктар ашар жолу менен тазаланууда

Turmush -  Баткен шаарындагы ички арыктар ашар жолу менен тазаланууда. Бул тууралуу «Баткен базар» суу пайдалануучулар ассоциациясынын башчысы Максуда Эшалиева билдирди.

Анын айтымында, шаардын Паран аймагында Р-6 каналынан сугат суу алуучу ички арыктар тазаланып жатат. Ашарга жалпы 100дөн ашык дыйкандар катышууда. Алар үчүн түшкү тамак жасалып, жумуш ордуна жеткирилип жатат.

«Арыктарга бетон лотокторун орнотуу муктаждыгы бар. Антпесе жыл сайын арыктарды кол менен тазалоо жана чабуу иштерине өсүп кеткен камыштар тоскоолдуктарды жаратып келет. Суу пайдалануучулар ассоциациясынын карамагында трактор же башка техникалары жок болгондуктан ижарага техника иштетүүдө каражат көп сарпталууда», - деди Эшалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×