Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Баткен

Кадамжайда кармалган «Йакын-Инкар» уюмунун мүчөлөрү 2 айга камакка алынды

Turmush -  16-мартта Кадамжай районунда «Йакын-Инкар» уюмунун мүчөлөрү деп шектелип кармалган 13 адамдын ысымдары такталды. Бул тууралуу Кадамжай РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Нарын облусунан Кадамжайга 4 айга дааватка келишкен.

Кармалгандар:

- Ак-Талаа районунун Үгүт айылынын 1999-жылы туулган тургуну М.М.;

- Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын 1959-жылы туулган тургуну К.Ч.;

- Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылынын 1974-жылы туулган тургуну Т.К.;

- Нарын районунун Эчки-Башы айылынын 1977-жылы туулган тургуну К.М.;

- Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 1985-жылы туулган тургуну С. уулу К.;

- Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын 1953-жылы туулган тургуну М.М.;

- Ак-Талаа районунун Жаңы-Талаа айылынын 1994-жылы туулган тургуну Б.уулу Ж.;

- Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылынын 1968-жылы туулган тургуну Д.Б.;

- Ак-Талаа районунун Кадыралы айылынын 1983-жылы туулган тургуну Б.Ч.;

- Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын 1987-жылы туулган тургуну К.У.;

- Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылынын 1974-жылы туулган тургуну Ж.А.;

- Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын 1994-жылы туулган тургуну К. уулу Н.;

- Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын 1989-жылы туулган тургуну Э.А.

Кармалгандарга карата Кадамжай РИИБ тарабынан 5 кылмыш иш козголду. Анын алкагында аларды 2 айга камакка алуу өкүмү чыгарылган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2339
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×