Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 23.03.2018 13:25

Кызыл-Кыянын тургуну эс алуучу жайдын 3 гектар жери сатылып кеткенине нааразы (видео)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Гапыр Нурбаев шаарда эс алуучу жайга бөлүнгөн 3 гектар аянттагы жер менчикке өтүп кеткенине нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта АКИpress-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эс алуучу жай үчүн делген жер сатылып кеткен.

«Кызыл-Кыя шаарынын эс алуучу жайы жок. Ал үчүн 3 гектар жер бөлүнүп, бирок ал жерди мурдагы вице-мэр өзүнө менчиктеп алып, кийин сатып жиберди. Ал жерди жерге муктаж эмес айылдык кеңештин депутаттарына саткан. Ал боюнча далилдер дагы бар. Бирок шаардык прокуратура, УКМК бул ишти текшербей жатат. Президентке чейин кайрылып, бирок иш аягына чыккан жок. Азыр шаар тургундары эс ала турган жер жок болгондуктан, шаардын четиндеги эски эс алуу жайга барууга мажбур.

Мурдагы вице-мэрдин мындан башка дагы коррупциялык иштери бар. Президент Коопсуздук кеңешинин отурумунда коррупция менен катуу күрөшүү керектигин айтты. Алгачкы ишти Кызыл-Кыя шаарынан баштаса жакшы болот эле. Себеби көптөгөн коррупциялык иштер жабылып турат», - деди ал.

Шаар тугуну 3 гектар жерге арчанын көчөттөрү тигилип, ага 600 миң сомдон ашык каражат коротулганын, бирок арчалар кыйылып жок болгонун кошумчалады.

Бирок бул айыптарды мурунку вице-мэр жокко чыгарды. «Булар мени дайыма каралап келишет. "Акча бербесең мен сен тууралуу маалыматтарды таратам" деп коркутат. Алардын бири соттолду. Мен тууралуу айткандардын баары жалган. Мен мыйзам чегинде гана иштейм», - деди мурдагы вице-мэр.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы мэри, учурда Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев эч кандай маалыматы жоктугун айтты.

Кызыл-Кыя шаарынын учурдагы мэри Эрмекбай Топчубаев тургундардын арызынын негизинде текшерүү жүрүп, бирок сот жерди жеке менчик ээлерине калтырганын айтты.

«Сатылып кетти делген жер эс алуучу жер деп көрсөтүлгөн эмес. Жеке адамдарга сатылышы боюнча жергиликтүү тургундар сотко арыз жазган. Жогорку сот жерди жеке адамдардын пайдасына чечип берген деген маалымат уктум. Азыр мындан башка маалыматым жок», - деди мэр.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×