Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 23.03.2018 10:21

Кызыл-Кыяда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн үйлөр курула баштады

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында үйлөр курула баштады.

Шаар мэри Эрмекбай Топчубаевдин айтымында, бир имаратта 1 бөлмөлүү бештен батир болуп, жалпы 5 имараттын курулушу жүрүп жатат. Жеке демөөрчү менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен башталган курулушка жалпы үй ичиндеги эмеректери менен кошо 100 млн сом каражат сарпталмакчы. Ага керектелүүчү материалдар жана усталардын акысы демөөрчү тарабынан каралса, жергиликтүү бийлик эл менен биргеликте шагыл-кумдарын, усталардын тамак-ашын камсыздап беришет. Курулуш жылдын аягына чейин аяктап, даяр болгон соң шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бериле баштайт.

«Программанын негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тигүү цехин да курууну пландап жатабыз. Алар өздөрү ушул цехте иштеп, турмушун жакшы жакка өзгөртөт деп ойлойм», - деди Топчубаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×