Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баткен облусу, Айдаркен 22.03.2018 13:59

«Айдаркен» сымап комбинаты кайрадан иштей баштады

Turmush -  Кечээ, 21-мартта Айдаркен шаарындагы «Айдаркен» сымап комбинатынын шахтасы менен фабрикасы кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Комбинаттын жетекчиси Толубай Салиевдин айтымында, март айынын соңунда сымап, апрель айынын орто ченинде сурьма чыгарылат. Жыл соңуна 140 млн сомдук продукция өндүрүү пландалууда. Ишке кирген шахтада сымап менен сурьманын 30 жылга жетчү запасы бар.

Учурда 660 метр тереңдиктеги шахтанын суусу насостор менен тартылып жатат. 1967-жылы орнотулуп эскилиги жеткен тетиктер алмаштырылып, руда алып чыгууга толук шарт түзүлдү. 2009-жылдан бери комбинаттын шахтасын суу каптап, кен казуу жумуштары токтогон болчу. Мындан улам чоң чыгымга дуушар болгон комбинат инвестор издеп келген. Натыйжада 2017-жылдын июль айында комбинаттын жетекчилиги кыргызстандык компания менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, иштеп башташкан.

Иш-чарага облус жетекчиси А.Халмурзаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×