Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 22.03.2018 12:45

Баткенде алдамчылык кылууга шектелген чет элдик аял кармалды

Turmush -  Баткенге келип алдамчылык кылууга шектелген өзбекстандык аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылы 25-декабрь күнү Кадамжайда жашаган 47 жаштагы Б.Ш. аттуу тургундан өзүн Наргиза деп тааныштырган аял жездеси экөө 5390 кг кара өрүгүн 409 миң 600 сомго баалап алып кетип, ушул күнгө чейин акчасын бербей алдап жүргөн. Жабырлануучу Б.Ш. 2018-жылдын 5-январь күнү Кадамжай РИИБге арыз жазган. Анын негизинде алдамчылык беренеси менен кылмыш иш козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде 2018-жылдын 17-мартында Баткен ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип Фергана районунун Каптархана айылынын 1986-жылы туулган тургуну Н.Х. Ош шаарында жүргөн учурда кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Баткен облусунун аймагында жыл башынан бери 67 алдамчылык фактысы катталып, 17 фактынын үстүнөн кылмыш иши козголуп, 14 фактынын бети ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×