Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Баткен

Баткенде окуучунун сабалышы боюнча тергөө башталып, мугалим айыпты четке кагууда

Turmush -  Баткен районунун Ак-Татыр айылында мектеп окуучусун мугалими сабап, 2 жылдан бери ооруканага каттап жүрөт. Бул тууралуу баланын ата-энеси билдирди.

Алардын айтымында, 2 жыл мурда окуя катталган учурда аны коомчулукка ачыктабай, мугалим менен өз ара келишишкен. Бирок мугалим убадасын аткарбай жатат.

«Балам Эрлан Эркебаевди 4-классында чет тилчи мугалими сабак учурунда урган. Анда баламдын башына шакеги тийип, башынан жаракат алган. Анда сотко берип коюшубуздан коркуп, мугалим баламды 18 жашка чейин дарылап, дары-дармектерин каржылоону убадалаган. Бирок 2 жыл өтсө да балам Эрландан кабар албай, абалы начарлай баштады», - деди апасы Гүлмайрам Орозалиева.

Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жанжигитовдун айтымында, учурда Эрлан дарыланып жатат. Башы айланып, өзүн жаман сезип жаткан учуру. Баш сөөгүндөгү жаракат убагында дарыланбаса кооптуулук жаратат.

«Баланын башынан сокку жегени сыртынан да белгилүү. Жаракат алган адам дарыгердин көзөмөлүндө болушу зарыл. Болбосо тез-тез башы айланып, тамакка табити тартпай, көңүл айнуу, алсыроо болуп турат», - деди Жанжигитов.

Ал эми, окуучуну сабады делген мугалим Жумагүл Улукова айтылгандарды жокко чыгарып, баланы урбагандыгын айтты.

«Менин сабагымда тынчтыкты сактабагандыгы үчүн түртүп койгом. Урупсуң деп ата-энеси келишти. Алардын алдында ак болуш үчүн Ошко ооруканага алып барып текшертип келгем. Анда эч кандай жаракат жок экенин айтышкан», - деди мугалим.

Өспүрүмдүн ата-энеси Баткен райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылышты. Тергөө иштери жүрүүдө. Окуучу азыр 6-класста окуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1026
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×