Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Фото — Кадамжайда 2 унаа кагышып, 5 жаштагы бала каза болду

Turmush -  Бүгүн, 20-мартта саат 14:30 чамасында Кадамжай районунун Бүргөндү айылында 2 унаа кагышып, 5 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу жергиликтүүлөр кабарлашты.

Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын маалыматына караганда, кырсык Кадамжай—Баткен жолунда катталды. Анда «Фольксваген Гольф 2» үлгүсүндөгү унаа менен «Тойота Виш» үлгүсүндөгү унаа кагышып, 4 адам жаракат алган. «Тойота Виш» унаасындагы 2 адам Өзбекстандын жарандары болгон. «Фольксваген Гольф 2» үлгүсүндөгү унаада Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Миң-Чынар айылындагы жубайлар 5 жаштагы баласы менен бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 5 жаштагы бала каза болду. Өзбекстандын жарандары өздөрүнүн ооруканасына алынып кеткен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2374
Көп окулду
×