Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баткен облусуБаткен району 20.03.2018 18:35 На русском

Баткенде 19 кг баңгизат ташып бара жаткан подполковник кармалды (фото)

Turmush -  Кечээ, 19-мартта Баткен облусунда ИИМдин 19 кг баңгизат ташып бара жаткан подполковниги А.А. кармалды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Криминалдык милиция кызматы менен Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы атайын операция жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө Ош—Баткен унаа жолунан милициянын подполковниги, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери А.А. айдап бара жаткан «Хонда Инспайр» унаасы токтотулган. Унааны текшерүү учурунда ичинен жыты гашишке окшогон, баштыктарга оролгон 19 килограмм 650 грамм салмактагы зат табылган. Подполковниктин өзүнүн жанынан Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтын кызматкери деген күбөлүк, гашишти текшергич табылган.

Аталган факты боюнча баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, сатуу үчүн ташуу беренеси менен кылмыш иш козголду. Экспертизанын жыйынтыгы менен алынган зат афган өндүрүшүндөгү гашиш (чарс) экендиги такталды. Кармалган А.А. Ош ОИИБде камакка алынды. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды тактоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Аталган кызматкер көптөн бери оперативдик иликтөөнүн объектиси болуп, тымызын текшерүүдө жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×