Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Айыл турмушу: Кызыл-Кыялык Р.Касымов 21 жылдан бери сүрөтчү болуп иштеп келет (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 36 жаштагы тургуну Рахимбек Касымов 21 жылдан бери элдин ар кандай салтанаттарында сүрөт тартып кызмат кылып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кадамжай районуна караштуу Марказ айылында чоңойгон.

«Фотоаппарта менен сүрөт тартууга кызыгуума чоң атам себепчи болгон. Ал да сүрөтчү болчу. Андан көп нерсени үйрөндүм. 1996-жылдан баштап элдин жакшылык күндөрүн сүрөткө тартып иштеп келе жатам. Ортодо жогорку окуу жайда мугалим болуп да иштеп жүрдүм. Бирок учурда бир гана сүрөтчүлүк менен алекмин. Сүрөткө тартуунун жакшы жери — элдин эң бир бактылуу көз ирмемдерине күбө болосуң, алардын кызматында болосуң. 2005-жылы Кызыл-Кыяда өзүмдүн сүрөтканамды ачтым. Учурда шакирттерим да бар. Үйлөнүү тойлорунда кызматтарыбыз 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин бааланат. Жылына 150дөн ашык тойдо кызматта болобуз. Ар бир иштин өзүнүн кыйынчылыгы болот. Бирок мен сүйүктүү ишимдин кыйынчылыгын деле байкабайм», - деди ал.

Сүрөтчү 3 баланын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1516
Көп окулду
×