Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Баткен

Айыл турмушу: Кадамжайлык З.Уманов 22 жылдан бери жүздөгөн гиссар койлорду багып келет (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну Закир Уманов 22 жылдан бери гиссар породасындагы койлорду багып келет. Аймактык кабарчы чабан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алгач өзүнүн койлору үчүн Тажикстандан гиссар кочкорлорду алып келген. Убакыттын өтүшү менен койдун санын 1000ге чейин жеткирген. Бирок андан көп чыгаша болуп, кийин санына эмес, сапатына көңүл бура баштаган. Учурда короосунда 400 кой, 250 козусу бар. Аларды 2 малчы багат. Гиссар койлор эт багытында болуп, баасы да башка койлорго караганда, 2-3 эсеге кымбат болот.

«Койлорду айыл четиндеги жайыттарга эле айдап коебуз. Жайыттан келген соң ар бирине 300 гр жем, 1,5 кг беде берилет. Жалпы 400 койго жыл сайын 12 тоннадай жем, 10 миңдей беде пресс керектелет. Өзүмдүн 1,5 гектар жериме атайын жүгөрү эгип койгом. Анын түшүмү менен кеңири бага алам. Козулар 6-7 айлык болгондо алып чыгып сата беребиз. Кирешеси жакшы. Пайдасы болбосо ким карамак эле? Аябай багып короого камап коем. Оштон да келип тандап алып кете беришет», - деди ал.

Ал эми, Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков мындай породадагы койлорду көбөйтүүдө ар тараптуу жардам берише тургандыгын айтты.

«Гиссар койлор эт багытындагы койлор болуп, биздин жерге да ыңгайлуу. Учурда аны башка региондордо дагы көбөйтүү аракеттин көрүп жатабыз. Фермерлерге ар тараптуу жардам беребиз. Бир гана чарбанын гана койлорун эмес, элдин дагы койлорун жасалма уруктандыруучу пунктарды ачып берүүгө даярбыз», - деди аким.

Учурда Үч-Коргон айыл аймагында 2 чарбада 400дөн ашык гиссар кой багылууда. Ар бир чарбадан жылына 100дөн ашык кой базарга сатыкка чыгат. Анын эң кымбаты 30 миңге чейин бааланса, козулары 5 миңден жогору сатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1268
Көп окулду
×