Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Сүлүктүдө 41 үй-бүлө жер көчкү коркунучунан улам жер тилке сурап жатат

Turmush -  Сүлүктү шаарынын Макаевка көчөсүндөгү 12 үй-бүлө жер көчкү коркунучунан улам 2 жылдан бери жергиликтүү бийликтен коопсуз аймактан жер тилкесин бөлүп берүүнү суранып келишет.

Алардын айтымында, өз капчыгынан жер алууга мүмкүнчүлүктөрү жок.

«Биз 12 адам бир үйдө жашайбыз. Жер көчкү коркунучундагы аймакта жашагандыктан бизге кооптуулук күч. 2016-жылкы жер көчкү бизге жакындашып калган. Жер беришсе көчүп кетмекпиз»,-деди Сүлүктү шаарынын тургуну Кундузай Жаныбекова.

Сүлүктү шаардык мэриясынын маалыматына караганда, негизинен Сүлүктү шаарында кооптуу аймакта жашаган 41 кожолук бар. Алардын 15не 15 күн ичине жер берилет.

«41 кожолуктун 15не 10-15 күн ичинде жер ажыратып беребиз. Ал эми калгандарын барын жазганбыз. Кадамжайдагы Бүргөндү массивинен жер беришет. Азырынча Бүргөндүдө жер бөлүнбөй жатат. Биринчи кезекте кооптуу аймактагыларга берилет», - деди мэр Рахманберди Абдыназаров.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 840
Көп окулду
×