Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баткен облусуБаткен району 16.03.2018 16:16 На русском

Баткенде мыйзамсыз алынып кетип жаткан 2 тонна мандарин табылды

Turmush -  Баткен районунун Чоң-Талаа айылында 2 тоннадан ашык мандаринди мыйзамсыз алып кетип бара жаткан адамдар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, айылдан КРнын тургуну Ж.А.Т. айдап бара жаткан «Мерседес-Бенц Sprinter 513» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны текшерүүдө унаадан Пакистандан өндүрүлгөн 2021 кг мандарин табылган. 111 миң, 155 сомдук товардын эч кандай мыйзамдуу документтери жок болуп чыккан. Тиешелүү материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилип, 19 миң 841,17 сом зыяндын орду толтурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×