Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 14.03.2018 23:42

Нарында аймактарды өнүктүрүү үчүн жер-жерлерден 200 долбоор сунушталды (фото)

Turmush -  Аймактарды өнүктүрүү боюнча өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов айыл өкмөттүн жана райондордун башчылары менен жолугуп, аткарыла турган иштерди талкуулады, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жыйында айыл өкмөттүн жана райондордун башчылары аймактарды өнүктүрүүгө багытталган 200гө жакын долбоорлорду сунушташты. Алардын катарында ишканаларды куруу, элди жумуш менен камсыз кылуу жана башка сунуштар бар.

Айыл өкмөт башчылары сунушталган долбоорлор жаз алды менен башталарын белгилешти. Долбоорлор менен таанышкан дубан жетекчиси Аманбай Кайыповдун пикиринде, көпчүлүктөрү адаттагы эле өнөктүк жумуштары менен чектелишкендиктен өз кичи мекендеринин резервдери, ресурстары жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө болгон жагдайлар унутта калган. Ал келечекке кеңири каралып, арбын киреше түшүрүү, кошумча жумуш орундарын түзүү жаатындагы долбоорлорду дагы өркүндөтүү керектигин билдирди.

Ошондой эле бул жыйындын катышуучулары эл аралык донорлор менен кызматташууларды кеңейтүү жана анын натыйжасында сырткы, ички инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү боюнча да кызыктуу ойлорун ортого салышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×