Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Бишкек 14.03.2018 21:52

Бишкектеги кичи автобустардын айдоочуларына бирдей форма берилет (фото)

Turmush -  Бишкек шаарында коомдук транспорттун айдоочуларын атайын форма менен камсыз кылуу иши башталды. Формага ишкананын аталышы жана Бишкек шаарынын белгиси түшүрүлөт.

Мэриянын маалыматына караганда, окшош форма алгачкылардан болуп №: 100,101, 147, 192, 193 кичи автобустардын айдоочуларына берилди. Ошондой эле, троллейбус жана автобустардын айдоочуларына да мезгилге жараша форма берүү каралган.

Коомдук транспорттун айдоочуларын окшош кийим менен камсыз кылуу авто мекемелердин жетекчилерине тапшырылды. Бул борбордун аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүүдө баарлашуу маданияты жана өзүн алып жүрүү тартибин сактоо максатында жасалып жатат.

Ошондой эле, айдоочулардын сырткы келбетинин кийимдин стилине ылайык келүүсүн көзөмөлдөө тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×