Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Баткен облусунда жалпы 16 кооператив иштеп жатат

Turmush -  Кыргызстанда 360 кооператив болсо анын 3% гана Баткен облусунда. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелорация министри Нурбек Мурашов Баткен облусуна болгон иш сапарында билдирди.

Анын айтымында, учурда Баткен облусунда 16 айыл чарба кооперативи бар.

«2004-жылдан бери Кыргызстанда дыйкандар жана фермерлер арасында өз ара ыктыярдуу беригип, кооперативдер түзүлө баштаган. Ошондон бери өлкөдө айыл чарба кооперативдеринин саны 360га жетти. Бирок Баткен облусунда көрсөткүч төмөн. Тактап айтканда 16 гана кооператив түзүлгөн. Бирдиктүү кооперативдер экспортко жол ачат жана экономиканы көтөрөт. Ошондуктан донорлорду таап, мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыяларды алып, айыл чарба кооперативин өнүктүрүү зарыл. Бизде айыл чарба багытын өнүктүрүү үчүн 10% ашпаган насыялар берилүүдө. Быйыл региондорду өнүктүрүү жылында жергиликтүү бийликтегилер да көңүл бурушса, өндүрүш жакшы болуп, жумуш орундары да түзүлөт», - деди министр.

«Алыш-Дан» кооперативинин жетекчиси Турсуналы Төлөмүшевдин айтымында, азыр кооперативтерге мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулбай, системанын жоктугунан жумуш токтоп калып жатат. Мисалы «Алыш-Дан» кооперативинин 1500ге жакын мүчөсү бар. Дыйкандар айыл-чарба продукциясын өндүргөн кайсы жакка, кимге сатарын билишпейт.

Ал эми Кыргыз-орус фондунун өкүлү Элдияр Амантуровтдун айтымында, учурда аталган фонд Кыргызстандагы 13 банк аркылуу элге кызмат кылат. Алардын барында кардарларга кызмат көрсөтүү бирдей. 1 млн долларга чейинки долбоорлорго ушул банктар аркылуу каражат ала беришет. Учурда Баткен облусундагы аймактарда 1 млн сомго чейинки долбоорлор аз. Эгерде ушундай долбоорлор болсо 4% өлчөм менен 10 жылдык мөөнөткө каражат берилет. жана Баткен облусунда жалпысынан 59 долбоор өткөн. Анын жалпы суммасы 2 млн долларды түзөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 736
Көп окулду
×